• бронхит - medik.kg
  • бронхит у детей - medik.kg

Бронхит: дарылоо жана диагностика Кант шаарында

Сүрөттөлүшү

Себептери

Белгилери

Бронхит – бронхтордун чел кабыгынын сезгенүүсүн мүнөздөгөн оору. Бронхит дем алуу органынын эң көп таралган ооруларына кирет.Бронхит курч кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт.

Сүрөттөлүшү

Бронхиттин кандайча өтүүсүн мүнөздөө үчүн курч кармаган жана өнөкөт түрү деп бөлүшөт.Бронхиттин курч кармаган түрүндө оору тез калыптанат жана бронхтордун жогорку катмарлары жабыркайт. Какырык менен коштолгон катуу жөтөл пайда болот,дене табы анчалык бийик көтөрүлбөйт.Курч кармаган бронхит бронхтордун өткөрүмдүүлүгүнүн жабыркоо айырмачылыктарына карата обструктивдүү жана обструктивдүү эмес бронхит болуп бөлүнөт. Оструктивдүү бронхитте майда бронхтор жабыркайт,алардын булчуңдарынын серпилгичтиги жогорулайт,чел кабыгы шишип,көп санда какырык пайда болот.Бронхиттин бул түрү чоң адамдарда дем алуу учурунда ышкырыкты жана катуу жөтөлүүнү пайда кылат.Балдардагы бронхиттин обструктивдүү түрү бронхтордо спазм пайда болуп муунтууну козгоосу өтө коркунучтуу болуп эсептелинет. Оору узаакка созулганда өнөкөт бронхит пайда болот. Бронхиттин өнөкөт түрү бронхиалдык дубалдардын структуралык жана кээде өпкөнүн тканынын жабыркоосу менен мүнөздөлөт.Бронхтордун мындай жабыркоосу узакка созулган жөтөлдү пайда кылат.Өнөкөт бронхиттин күчөшү мезгилдердин алмашуусуна,жылдын суук жана ным мезгилдерине туш келет,жай мезгилинде жөтөл азаят. Тамеки чекккендерде өпкөнүн жана кекиртектин жабыркоосунан улам өнөкөт бронхит көп кездешет.Өнөкөт бронхитти жакшы дарылабаса өпкөдө кыйынчылыктар болушу мүмкүн.

Себептери

Бронхит жугуштуубу? Жугуштуу, курч кармаган бронхиттин себептери болуп түрдүү вирустар жана жугуштуу оорулар болушу мүмкүн: сасык тумоо,аденовирустар,кызамык,көк жөтөлдүн бактериясы,пневмококктор,стафилококктор,стрептококктор жана башкалар.Бронхит физикалык жана химиялык факторлордон дагы райда болуусу мүмкүн: суук тийүү,абанын төмөн жана жогорку температуралары,чаң бөлүкчөлөрү,газдар,химиялык жана уулуу заттар. Бронхит кандай жол менен жугат? Оору сүйлөшкөндө,жөтөлгөндө,чүчкүргөндө аба аркылуу жугат.Курч кармаган бронхит көпчүлүк учурда вирустуу инфекциянын кесепетинен пайда болот. Бактериялар алгач мурун көңдөйүнө түшүп,андпн ары тамакка,бронхторго таркап бронхитти пайда кылышат.

Өнөкөт бронхитти пайда кылган тобокелдик факторлору деп төмөнкүлөрдү айтсак болот:

  • тамеки чегүү;
  • астма;
  • мурун көңдөйүнүн өнөкөт оорулары;
  • спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу;
  • климаттык жана экологиялык шарттар (чаң, муздак температуралар, айлана-чөйрөнүн булганышы);
  • көкүрөк формасынын бузулушу.

Балдардагы бронхиттин пайда болуусуна ар кандай инфекция себеп болуусу мүмкүн,анткени балдардын дем алуу системасы жакшы өөрчүгөн эмес,чоңдорго караганда ооруларга туруштук бере албайт. Иммунитеттин алсыздыгы бронхиттин пайда болуусунун дагы бир себеби. Балдардагы бронхит башка органдарга кыйынчылык жаратуу менен кооптуу,спазм пайда болуп көп какырык топтолот. Балдарда бронхиттин пайда болуусуна ата-энесинин тамеки чегүүлөрү,экологиялык жана климаттык жагымсыз шарттарда жашоосу түрткү болот.

Белгилери

Бронхиттин формасы жана түрү ар түрдүү болот,ошондуктан белгилери оорунун өөрчүшүнөн жана мүнөзүнөн көз каранды.

Бронхиттин негизги белгилери төмөнкүлөр:

  • кургак,какырыксыз жөтөл,
  • алсыздык,
  • бир аз дене табы көтөрүлөт;
  • көкүрөк оорусу;
  • тамагынын кысылып калуу сезими;
  • Жөтөлгөндө жана дем алганда көкүрөк кырылдайт.

Курч кармаган бронхитте тамак кычышып ооруйт,алсырап чарчайт. Андан соң катуу,кургак жөтөл пайда болот,бир нече күндөн кийин жөтөл нымдашып,бир аз сары же жашыл түстө какырык чыгып баштайт.Оор баскычында дене табы бийикке көтөрүлөт.Курч кармаган бронхит 10 күндөй созулуп,андан соң белгилери акырындан азайып баштайт. Бронхиттин өнөкөт формасы бир канча айлап же жылдап байкалган нымдуу жөтөлдөн башталат.Бронхиттин бул түрүнө мүнөздүү белги болуп өзгөчө эрте менен узакка созулган көп какырык менен коштолгон жөтөл эсептелинет. Убакыттын өтүшү менен оорулууда алсыздык,бат чарчоо,энтигүү,тынымсыз жөтөл,булчуң оорусу пайда болот. Кээде бул бронхоспазмдын, астманын белгилеринин пайда болуусуна алып келет.Өнөкөт бронхиттин белгилери оорулууда узак мөөнөткө байкалышы мүмкүн. Балдардагы бронхиттин белгилери төмөндөгүдөй: тез-тез жөтөлүп,андан кийин какырык чыгат,энтигет,дем алуу ышкырык менен коштолот,дем алганда өпкө нымдуу кырылдайт,дене табы бийик көтөрүлөт.Алсыздык,чарчоо,эч нерсеге кызыкпоо( апатия) байкалат. Балдарда бронхит 2-3 жумага созулат,анткени кичинекей наристе какырыкты чыгара албайт,оорунун көрүнүшү чоңдорго караганда көбүрөөк байкалат.

Бул баракчада Бронхит оорусун дарылоо менен адистешкен дарыгерлердин рейтингтери, баалары жана пикирлери көрсөтүлгөн